Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Нарын шаарында окуучулар арасында хоккей оюну өтүп жатат


Бүгүн 24-январда Нарын шаарында мектеп окуучуларынын арасында хоккей оюну өтүп жатат. Таймашка Нарын облусунан келген беш команда катышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарындагы балдар жана уландар спорт мектебинин хоккей оюну боюнча машыктыруучусу Элзар Болотбеков маалымдады.

- Отуз жылдан бери токтоп калган бул турнир быйыл кайра жанданып, окуучулар арасындагы таймаш уланды. Быйыл биринчи жолу өткөрүп жатабыз, мындан кийин жыл сайын өткөрүү пландандалууда деди,- Болотбеков.

Окуучулар арасындагы мындай таймаш 19-январда Жумгал районунда да болгон. Ал эми 31-январда Жумгал районунда хоккей боюнча республикалык мелдеш башталат. (MiK)

XS
SM
MD
LG