Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:00

Аба ырайы


2015-жылдын 24-январынан 27-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137- чакырым, 198-265-чакырым), Бишкек-Талас (198-210-чакырым, Өтмөк ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-чакырым, 145-150-чакырым), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-чакырым), Каракол-Эңилчек (45-90-чакырым), Казарман-Акталчат (67-94-чакырым, Кара-Көө ашуусу) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ буга байланыштуу унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл экенин эскертүүдө.

Эртең, 25-январда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -10...-15, күндүз -5...-10;

Таласта түнкүсүн -12...-17, күндүз -6...-11;

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...-7;

Баткенде түнкүсүн -6...-11, күндүз -3...-8;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -8...-13, күндүз -3...-8;

Нарында түнкүсүн -21...-26, күндүз -10...-15.

Бишкекте 25-январда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы 5…7 градус суук болот. Абанын температурасы түнкүсүн -10...-12 градус, күндүз -5...-7 градус болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG