Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Ат-Башыда нааразылык акциясы өтөт


Нарындын Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылынын тургундары сугат суу маселеси көйгөй жаратып жатканы үчүн 26-январда нааразылык акциясын өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” айылдык кеңештин депутаты Белек Мамбетакунов билдирди. Белек Мамбетакунов айылга суу алып келүү үчүн канал курууга 93 миллион сом сарпталарын тиешелүү адистер эсептеп кеткендигин айтууда.

Айыл эли буга чейин дагы бир нече ирет нааразылык акциясына чыккан. Алар Айыл чарба министрлигине да кайрылып келет. Жашоочулардын айтымында, соңку үч жылда сугат суунун тартыштыгынан жер майнаптуу иштетилбей калган. Суу алып келүү үчүн канал жоктугунун айынан былтыр айыл жеринин 5 пайызынан гана тоют камдалган. Калган айыл тургундары тоютту сатып алууга мажбур болуп, ага кеткен чыгым 45 млн. сомду түзгөн.

Кызыл-Туу айылында 2400 гектар жер бар. Жергиликтүү бийлик сугат суу маселесин чечүүдө каражат тартыштыгы көйгөй жаратарын айтып келет. (TSh/MiK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG