Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Орусиянын Конституциялык соту "Мемориалдын" арызын кароодон баш тартты


Орусиянын Конституциялык соту Коомдук бирикмелер тууралуу мыйзамы боюнча "Мемориал" укук коргоо уюмунун жазган доо арызын кароодон баш тартты.

Бул тууралуу “Азаттыктын” орус кызматынын кабарчысы Татьяна Вольтская маалым кылды. Конституциялык соттун билдирүүсүндө: “Арыз менен кайрылган тараптын иши Жогорку Сотто каралып бүтмөйүн Конституциялык сот уюмдун арызын карай албайт” деп жазылган.

Өткөн жылы “Мемориалды” Орусиянын Юстиция министрлиги сотко берген. Ошол эле учурда прокуратура “Мемориалды” сырттан каржыланган чет элдик “агент” катары айыптап келет.

"Мемориал" коому 26 жылдан бери иштеп келет. 1989-жылы уюм регионалдык уюшмалардын бүткүл союздук бирикмеси катарында ишмердигин баштаган.

Учурда «Мемориал» эл аралык тарыхый-билим берүүчү, укук коргоочу жана кайрымдуулук коом деп аталып, Орусия, Германия, Казакстан, Латвия, Армения, Грузия жана Украина өлкөлөрүнүн ондогон уюшмалары менен кызматташтыкта иш алып барат. (SA)

XS
SM
MD
LG