Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Пушков: Савченкону бошотуу талабы негизсиз


Бул тууралуу Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Эл аралык мамилелер боюнча комитетинин башчысы Алексей Пушков Твиттер аркылуу маалымдаган.

Депутат баракчасына “Украинанын аскер кызматкери Надежда Савченкону Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясындагы (ЕКПА) украин делегациясынын мүчөсү катары камактан бошотуу талабы юридикалык негизге ээ эмес, себеби ал украин парламентинин депутаты болуп шайлануусуна чейин кылмыш жасаганы боюнча шектелип отурат” деп жазган.

Шаршемби күнү ЕКПА президенти Анн Брассёр Савченкону тез арада бошотуу боюнча Мамдуманын спикери Сергей Нарышкинге өтүнүч жолдогон. Брассёр ачкачылык жарыялаган украин аскер кызматкеринин ден соолугуна тынчыздануу билдирүү менен учкуч 26-январда Страсбургда өтө турган ЕКПА сессиясынын ачылышына катышуусу керектигин белгиледи.

2014-жылдын 27-октябрында Москванын Басманный соту Савченконун камакта калуусун ушул жылдын 13-февралына чейин узарткан. Ага каршылык ирети Савченко 15-декабрда ачкачылык жарыялаган.

Орусиянын Тергөө комитети Савченкону Луганскта орус журналисттерин өлтүргөн, кийин качкын катары Орусияга келип алган деп айыптап келет.

Савченко бул билдирүүнү четке кагып, аны жикчилдер кармап алып Орусияга өткөрүп бергенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG