Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:46

Азиздерге жана дүлөйлөргө үй берилди


Көк-Жар кичи районунда Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрүнө бир бөлмөлүү батирдин ачкычтары тапшырылды. Бул 9 кабаттуу үйдө 90 батир бар жана анда 300дөн ашык адам жашайт.

Депутат Дастан Бекешовдун "Азаттыкка" маалымдашынча, үйдүн эң жогорку кабатында дарыкана, республикалык адистештирилген китепкана, машыгуучу зал, дүкөн жайгашкан. Жакында массаж кабинети да ачылмакчы.

Ачкыч тапшыруу аземине мэр Кубанычбек Кулматов, президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев катышты.

Үйдүн курулушу 2011-жылдын сентябрь айынан 2014-жылдын декабрь айына чейин жүргөн. Курулуш үчүн мамлекеттик бюджеттен 87,51 млн. сом бөлүнгөн.

Жаңы курулган үйгө көчүп киргендердин 60ы - көзү азиздер, 25инин кулагы укпайт, төртөө майып.

Азиздер жана дүлөйлөр коомдук уюмуна 10 200 киши мүчө. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG