Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

"Боко Харам" тобу 192 аялды туткундан бошотту


Нигерияда "Боко Харам" террордук уюмунун согушкерлери 6-январда уурдалган 192 аялды туткундан бошотту. Agence France-Presse маалымат агенттигинин кабарлашынча, уюмдун мүчөлөрү туткундагы аялдарды төрт жүк ташуучу машине менен Гирбува кыштагынын жанында калтырып кетишкен.

6-январда согушкерлер жалпысынан 218 аялды жана балдарды уурдап кетишкен.

"Боко Харам" радикал уюму Батыштын билим берүүсүнө каршы күрөшүп, Нигерияда шариат мыйзамдарын киргизүүгө аракет жасап келет. Буга чейин армия жана полицияга байланышкан объекттерге чабуул жасачу. Бирок акыркы учурларда диний лидерлерге жана карапайым адамдарга кол салуусун күчөттү.

Уюмдун согушкерлери 2014-жылдын апрель айында Нигериянын Чибок шаарынан 276 өспүрүм кызды уурдап кетишкен. 57 кыз качып кетүүгө үлгүргөн. Уюмдун лидери Абубакар Шекау көп өтпөй жасаган видео кайрылуусунда 219 кыз ислам кабыл алып, турмушка чыкканын айткан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG