Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:27

Йеменде саясий кырдаал курчуду


Кечээ Йемендин Сана шаарында миңдеген адамдар шаарды басып алган хуситтерге - шиит козголоңчуларына каршы демонстрацияга чыгышты. 22-январда Батыш колдогон президент Абд Раббу Мансур Хади жана премьер-министр Халид Бахах кызматтан кеткенден кийин өлкөдө саясий кырдаал кескин курчуп кеткен.

Демонстранттар "Хуситтерге жол жок" деп ураан чакырып, алардын аракеттерин мамлекеттик төңкөрүш катары баалашты. Ошондой эле алар Хадиден президенттик кызматтан кетпөөнү талап кылышты.

Бүгүн өлкө парламенти президенттин кызматтан кетүү тууралуу арызын карайт. Маалыматтарга караганда, Йемендин Чалгындоо кызматынын башчысы Ал-Хассан ал-Ахмеди да кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG