Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:43

Кызылча менен ооругандардын саны 1200дөн ашты


Бишкектеги Жугуштуу оорулардын клиникасына январь айынын башынан бери 1 875 адам кайрылып, анын 1220сында кызылча илдети аныкталып, дарыланып жатышат.

Бул жайдын башкы врачы Гүлжигит Аалиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 24-январь күнү жалпы 99 бейтап ооруканага кайрылып, алардын 44үндө кызылча илдети аныкталып, ооруканага жаткырылды. Илдетке чалдыккандардын көбү балдар болууда.

Жугуштуу оорулардын клиникасында жети бөлүм күчөтүлгөн режимде иштеп, кызылча менен ооругандарга жардам көрсөтүүдө. (BCh)

XS
SM
MD
LG