Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

“ИсманLife” акциясы Оштогу базарда 60 миң сом чогултту


Исманали Муратов жубайы Мехригүл менен

Исманали Муратов жубайы Мехригүл менен

Бүгүн Ош шаарынын борбордук жана "Келечек" базарларында “ИсманLife” же “Исманга өмүр тартуула” аттуу акция өтүп, 63 миң 650 сом (кошумча 150 рубль, 500 сум) чогулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” акциянын уюштуруучуларынын бири Расул Маматов кабарлады.

“Бул жолу биз аккордеон менен базар аралап, жашоону даңазалап ырдадык. 30дай кыз-жигит обон созуп, шаардыктардан жардам сурадык. Эл колунан келген акчаны берди”, - деди Маматов.

Буга чейин “Азаттык” "Марал ФМ" радиосунун Оштогу кабарчысы Исманали Муратов тууралуу макала жарыялаган. Анда Исманали аттуу жигит альвеококкоз кесели менен ооруп, боорунун жарымын алдырганын, бирок дарыгерлер үмүтүн үзгөнү жазылган.

“Исманалинин аялы Мехригүл жакында эле төрөттөн операция болуп, жатынын алдырып, боюндагы алты айлык эгиз балдарынан айрылып калды. Операциядан соң жубайынын эки кулагы тең укпай калды. Исманалинин боорун чет өлкөдө алмаштырууга 80 000 доллар керек. Ошого азыр буга каражат топтоо боюнча IsmanLife аттуу акция баштадык эле”,-дейт Расул Маматов.

Исманалинин достору буга чейин Ош шаарынын «Жапалак» унаа базарында кофе, чай жана токоч сатып, 30 миңдей акча чогултушкан. Эми алар Ош шаарындагы унаа тетик жана мал базарларда да акция өткөрүп, февралда Ошто жана Бишкекте концерт уюштурмак болууда. Акыркы маалымат боюнча жалпысынан 8 миң доллардай каражат топтолду.

Исманалинин банктын эсеби: KICB BANK Муратов Исманали KGS 1280116013081812 USD1280116013258331 RUB1280116016359196 Же 2015 кыска номерине Билайн оператору аркылуу Ысман деп смс жазса 25 сом которулат. (ErN).

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG