Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Обама: Орусияга басым жасоонун жаңы чаралары каралат


Мариуполдо аза күтүү, 25-янваоь, 2015-жыл
Мариуполдо аза күтүү, 25-янваоь, 2015-жыл

Президент Барак Обама Мариуполдогу ракеталык атуулардан кийин 30 кишинин өмүрү кыйылып, 90дон ашууну жарадар болгон кандуу окуяга жекшембиде терең тынчсыздануусун билдирди.

Делиде мамлекеттик сапарда жүргөн Обама Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу боюнча келишимдин бузулушуна АКШ тынчсызданып турганын айтты.

Донбасстагы кырдаалды козутуп, “курал-жабдык, каражат, аскерий окууларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүп, аймакка орусиялык аскер кызматкерлерин жиберип жаткан Орусиянын колдоосуна таянган” жикчилдерди айыптады.

Президент Обама Кошмо Штаттар өз өнөктөштөрү менен Орусияга басымды күчөтөт деп кошумчалап, аскерий каршылыктан башка чаралардын бардыгы карала тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG