Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

Кыргыз депутаттары Европарламенттин жыйынына катышат


Европарламент жыйынына катышып жаткан кыргыз делегациясын вице-спикер Асия Сасыкбаева жетектейт.
Европарламент жыйынына катышып жаткан кыргыз делегациясын вице-спикер Асия Сасыкбаева жетектейт.

Еврокеңештин парламенттик ассамблеясынын кышкы сессиясына катышуу үчүн Жогорку Кеңештен депутаттар тобу Франциянын Страсбург шаарына кетти. Делегацияны вице-спикер Асия Сасыкбаева жетектейт. Сессия 26-30-январга чейин созулат.

Жогорку Кеңешке Европарламент тарабынан 2014-жылы “Демократия боюнча өнөктөш” макамы берилген. Бул макам азырынча Борбор Азия мамлекеттеринен бир гана кыргыз парламентинде бар экенин мыйзам чыгаруу органынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.

Страсбургдагы жыйындын жүрүшүндө Кыргызстанда кумсалыкты пропагандалоого каршы мыйзам долбоору да талкууланышы мүмкүн.

Европарламенттин депутаттары буга чейин Еврокомиссияга, Европа Кеңешине жана тышкы саясат боюнча кызматка кайрылуу жолдоп, аталган мыйзамдын кабыл алынышы - өлкөнүн Евробиримдик менен болгон мамилесине көлөкө түшүрөрүн Кыргызстандын жогорку бийлигине эскертүүнү өтүнгөн.

Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG