Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

Балдар кылмыштуулугуна каршы атайын колдонмо чыкты


Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган атайын китеп басмада чыкты. Аталган методикалык колдонмо юридикалык багытта окуган студенттер үчүн жана Ички иштер министрлигинин алдындагы академиянын курсанттарына ылайыкташтырылган.

Аталган академиянын кызматкерлери тарабынан даярдалган китепте балдар арасындагы тартип бузуулардын алдын алуунун жана аныктоонун усулдары жазылган.

Кыргызстанда балдарга байланыштуу кылмыштардын арасында мектептердеги рэкетчилик жана чөнтөк уурулугу орчундуу маселе катары көтөрүлүп келет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG