Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Украина коопсуздук кеңеши Гаага сотуна кайрылат


Каза болгондорду эскерүү. Украина, 25-январь, 2015-жыл.
Каза болгондорду эскерүү. Украина, 25-январь, 2015-жыл.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши өлкө чыгышындагы окуяларды жарандарга карата өкүмзордук катары баалап, бул боюнча эл аралык Гаага сотуна кайрылууга даярдык көрүү тууралуу өкмөткө тапшырма берди. Украина Донецк жана Луганск аймагында түзүлгөн “элдик республикаларды” террордук уюм катары жарыялоону суранмакчы.

Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин жыйыны Мариуполдогу ракеталык атуулардан кийин 30 кишинин өмүрү кыйылып, 90дон ашууну жарадар болгон кандуу окуядан соң болду.

Расмий Киев мамлекет чыгышындагы согушта Орусиянын "колу" бар экенин айтууда. Ал эми Москва муну четке кагып келет.

24-январь күнү Мариуполдо болгон калабага байланыштуу 25-январь -Украинада аза күтүү күнү деп жарыяланган.

XS
SM
MD
LG