Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Былтыр уюшма кылмыштуу топтун 190 мүчөсү кармалды


Кармалгандардын 82си кримтөбөл аттыккан Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөлөрү болуп чыкты (Сүрөттө: Камчы Көлбаев сот залында, Бишкек, 18-апрель, 2013.)
Кармалгандардын 82си кримтөбөл аттыккан Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөлөрү болуп чыкты (Сүрөттө: Камчы Көлбаев сот залында, Бишкек, 18-апрель, 2013.)

Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү Башкы башкармалыгынын жетекчисчи Мирлан Каниметов билдирди. Кармалгандардын 82си кримтөбөл аттыккан Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөлөрү. Жалпы кармалгандардын 90го жакыны жоопко тартылууда.

Көлбаев кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган деп айыпталып, 2012-жылдын декабрында камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп, былтыр 8-июнда бошонгон.

Өткөн жылы июнь айында АКШнын Мамлекеттик департаментинин эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы программасы Камчы Көлбаевдин кылмыштуу схемасы жөнүндөгү маалымат үчүн бир миллион доллар сыйлык жарыялаган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG