Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Канжар Кадыралиев дале кармала элек


Канжар Кадыралиев
Канжар Кадыралиев

Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында айткан ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Адилбек Ботобаев бирок ал жакында кармаларын билдирип, муну учурда Кадыралиев боюнча жумушчу топ иштеп жатканына негиздеди

Башкы прокуратура буга чейин депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Мындан кийин Ош шаардык соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. Андан бери Кадыралиев кайда экени белгисиз болуп, Интерпол аркылуу да изделүүдө.

Бирок Кадыралиевдин жакындары анын эч жакка качпаганын билдирип келет. Буга чейин жабыркаган тарап милиция аны кармаганга кызыктар болбой жатат деген нааразылыгын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG