Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:25

Сот Турдукуловдун чет өлкөгө чыгуусуна уруксат берди


Адил Турдукулов, "Прогресс" фондунун төрагасы

Адил Турдукулов, "Прогресс" фондунун төрагасы

Бул тууралуу "Азаттыкка" “Прогресс” фондунун төрагасы Адил Турдукулов өзү билдирди. Бүгүн Ленин райондук соту Турдукуловдун карызына байланыштуу кредиттик компаниянын арызын карап, анын чет өлкөгө чыгуусуна уруксат берди.

-Соттун чечимин Чек ара кызматына тапшырдым. Чек арадан өткөрүү маселеси 3 күндүн ичинде чечилиши керек экен. Мен шаршемби күнү кетишим керек болчу. Ошондуктан менин АКШга кетер-кетпесим азырынча белгисиз болууда, - деди Турдукулов

23-январда кыргыз оппозициясынын ондон ашуун өкүлү АКШнын Мамлекеттик департаментинин, Конгресстин өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстандагы саясий маселелерди талкуулоо максатында АКШга аттанган. Алардын катарында бараткан оппозициячыл активист Адил Турдукуловду чек арачылар өлкөдөн чыгарбоо боюнча соттун чечими бар экенин айтып, өткөрбөй коюшкан. Активист муну өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырган болчу.

Буга чейин Ленин райондук соту Адил Турдукулов жеке компаниялардан ири өлчөмдө насыя алып, 600 доллар карыз болуп калганын, карызды өндүрүп берүү үчүн ал компаниялар сотко кайрылганын билдирген.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG