Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Сирияга Кыргызстандан отуз чакты кыз-келин кеткен


Сирияга кеткен кыз-келиндер исламчыл согушкерлерге сексуалдык кызмат көрсөтөт.
Сирияга кеткен кыз-келиндер исламчыл согушкерлерге сексуалдык кызмат көрсөтөт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, Сирияга кеткендер боюнча атайын анализ жүргүзүлдү. Ага ылайык 200гө жакын кыргызстандык Жакынкы Чыгышта согуштук иш-аракеттерге катышып жүргөнү аныкталды. Алардын 150дөн ашууну өзбек улутундагылар. Сирияга кеткендердин 30га жакынын кыз-келиндер түзөт.

- Экстремисттер жаш кыздардын башын айлантып алып кетип, талаа командирлерине нике кыйып койгон. Кыздар ал жерден кете да алышпайт. Нике кыйган кишиси өлүп калса, анда кызды ошол жердеги башка бирөөгө эле никесин кыйып коюшат. Көбүнесе түштүк аймактардан, Чүйдөн Кара-Балта шаарынан кеткендер бар, - деди Мамбеталиев.

Мамбеталиевдин белгилешинче, Сирияга кетүүдө колдонулган төрт багыт аныкталган. Алар: Кыргызстан-Түркия-Сирия, Орусия-Түркия-Сирия, Украина-Түркия-Сирия жана Грузия-Түркия-Сирия. (КЕ)

XS
SM
MD
LG