Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:52

Египеттеги башаламандыкта 15 адам набыт кетти


Египетте полиция менен кагылышта кеминде он беш адам набыт кетип, ондогондор жараат алды. Кагылыш 2011-жылдагы элдик толкундоолордун төрт жылдыгын белгилөө учурунда орун алды.

Каирдин борборунда төрт жыл мурунку революциянын бешиги болгон Тахрир аянтына жүрүш жасайбыз деген жүздөгөн адамдарды полиция күч менен таркатты. Ички иштер министри Каирдин түндүгүндөгү райондо бир полиция кызматкерине ок тийгенин, ал болсо бир нече демонстрантты атып салганын билдирди. Азырынча окко учкан полиция кызматкери өлдү делген 15 кишининин катарында санакка кирдиби же жокпу белгисиз.

Анда исламчыл маанайдагы жарандар учурдагы президент Абдел-Фаттах Сисинин башкаруусуна каршылыгын билдиришти.

Мындан төрт жыл мурун Египеттеги толкундоолордо президент Хосни Мубарак бийликтен кулатылган. Анда исламчыл “Мусулман агайындар” кыймылы бийликке келип, анын жетекчиси Мухаммед Мурси президент болуп шайланган. Бирок 2013-жылдын июлунда нааразылык акцияларынан соң Мурси президенттиктен кетип, камакка алынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG