Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:40

Орусияда Дүйшөнкул Шопоковдун айкели тургузулат


Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Орусиянын Волоколомск шаарында Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун айкели тургузулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, эстелик аталган шаардагы Октябрь аянтындагы Мемориалдык комплекске коюлат.

Дүйшөнкул Шопоков 1944-жылдын август айынын аягында 316-аткычтар дивизиясынын жоокери болуп катталган. Волоколамск шоссеси тарабында душмандын борборго кире беришин коргоп, Москванын алдында 28 панфиловчулардын катарында салгылашкан. 1941-жылы 16-ноябрдагы салгылашууда Дубосекова разьезинде душмандын 50 танкасынын чабуулун токтотуу учурунда эрдик көрсөткөн. Салгылашууда курман болгон. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG