Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

Шашылыш эскертүү

26-27-январда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265-км), Бишкек-Талас (198-210-км, Өтмөк ашуусу), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90-км, 145-150-км), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-км), Каракол - Эңилчек (45-90-км), Казарман - Акталчат (67-94-км, Кара-Гөө ашуусу) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Аба ырайы

27-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -15...-20, күндүз -4...-9;

Таласта түнкүсүн -20...-25, күндүз -5...-10;

Ош, Жалал-Абадда -7...-12, күндүз 0...-5;

Баткен облусунда түнкүсүн -8...13, күндүз -1...-6

Ысык-Көлдө түнкүсүн -9...-14, күндүз -1...-6;

Нарында түнкүсүн -24...-29, күндүз -8...-13.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -15...-17 градус, күндүз -5..-7 градус болот. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG