Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

“ИМ” тобу барымтадагы бир жапон өлтүрүлгөнүн билдирди


“Ислам мамлекети” террорчул тобу барымтадагы жапон жараны Харуна Юкаванын өлтүрүлгөнүн кабарлады. Юкаваны өлтүрүү боюнча тасма 24-январда интернетке жарыяланган эле.

Ага чейин согушкерлер Кэндзи Гото Його жана Харуна Юкава аттуу эки адам үчүн жапон бийликтеринен 200 миллион доллар талап кылып, бул каражат үч күн ичинде которулбаса, барымтадагылардын өмүрү кыйыларын эскерткен. Жапон бийликтери согушкерлердин бул талабын аткаруудан баш тарткан.

Эми “Ислам мамлекети” тобу барымтадагы экинчи адам да өлтүрүлөрүн эскертип, акчанын ордуна Иорданияда камактагы жаткан Сажида ар-Ришави аттуу аялды бошотууну талап кылууда. Сажида ар-Ришави теракт уюштурууга аракет кылган деген айып менен кармалган, “Аль-Каида” уюмунун мүчөсү деп шектелген ирактык аял.

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ барымтагы бир адамдын өлтүрүлүшүн эч качан актоо болбой турган кылмыш деп атап, Гото Йогону эч кандай шарт койбостон бошотууну талап кылды.

XS
SM
MD
LG