Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Журналист Орунбековго байланыштуу сот жылды


Дайырбек Орунбеков
Дайырбек Орунбеков

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту журналист, maalymat.kg сайтынын негиздөөчүсү Дайырбек Орунбековго байланыштуу ишти карады. 20дай активисттер, журналисттин айрым кесиптештери соттун акыйкат өтүшүн талап кылып чыгышты. Бул күнү Башкы прокуратура журналистке коюлган айыпты угузду. Орунбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, адвокат ишти кыскартуу боюнча өтүнүч келтирди. Күбөлөрдүн сот отурумуна келбей калганына байланыштуу ишти кароо 4-февралга жылдырылды. Күбө катары эки адам өтүүдө. Алар эркин журналист Лейла Саралаева жана Анара Юсупова аттуу жаран. Орунбеков мамлекеттик айыптоочу күбө катары көрсөтүп жаткан Анара Юсупова социалдык тармакта катталганы менен анын өздүгүн тактоого мүмкүн болбогонун белгиледи.

Башкы прокуратура Орунбековго жалган маалымат тараткандарды жазалоо боюнча мыйзамга ылайык кылмыш иши козгогон. Кылмыш иштин козголушуна “Жаңы жүздөр” гезитиндеги макала себеп болгон. Гезитке Анара Юсупова аттуу журналист Орунбеков өз сайтына бийлик башындагы адамдарды Ош окуясына күнөөлүү деп негизсиз каралап жазганы, ишенимсиз булактарга таянганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек деп жазат.

Дайырбек Орунбековго оор же өзгөчө оор кылмыш жасады деп жалган маалымат таратты деп айып тагылууда. Беренеде буга 100 миңден 200 миң сомго чейин айып же бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Өзүн оппозициялык маанайдагы журналист эсептеген Орунбеков муну саясий куугунтук жана сөз эркиндигине кысым деп баалоодо.(КЕ)

XS
SM
MD
LG