Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:44

Греция: СИРИЗА “Көз карандысыз гректер” менен коалиция түзөт


Грецияда парламенттик шайлоодо жеңип чыккан солчул СИРИЗА партиясы оңчул “Көз карандысыз гректер” партиясы менен коалиция түзөт. “Көз карандысыз гректердин” жетекчиси өлкө премьер-министрлигине СИРИЗАнын лидери, 40 жаштагы Алексис Ципрасты колдой турганын жарыялашты.

Буга чейин Ципрас шайлоодон жеңип чыкса, Грециянын эл аралык кредиторлордон алынган 318 миллиард евро карызы боюнча келишимди кайра карап чыгууну билдирген.

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча, СИРИЗА шайлоочулардын 36 пайызын алып, парламенттеги 300 орундун 149ун ээлеген. Ал эми “Көз карандысыз гректер” шайлоочулардын төрт пайызы менен парламенттен 13 орунду алган.

Грециядагы шайлоонун жыйынтыгы евронун долларга карата курсун төмөндөшүнө алып келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG