Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

Мигранттар Орусияга кирүү максатын так көрсөтүшү керек


Бул тууралуу “Азаттыкка” Москвадагы “Мигранттарды колдоо” борборунун жетекчиси Чолпон Осмонова билдирди. “Эгерде мигрант Орусияга кирип келе жатканда миграциялык картага өлкөгө кирүү максатын “жумуш” деп так көрсөтпөсө, жумушка кирүүгө патент ала албайт”, - деп эскертет Осмонова.

Анын белгилешинче, миграциялык картага “жумуш” деген максатты көрсөтүп, бирок 30 күндүн ичинде патент албаган чет элдик жаранга Орусияга кирүү мүмкүнчүлүгү бир жылга жабылат. Бир учурда эки максат,
“жумуш” жана “окуу” деп көрсөтүлгөн миграциялык карталар дагы патент алууга жараксыз.

Орусияда 2015-жылдын 1-январынан тарта “Чет элдик жарандар” тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык өлкөдө квота системасы жоюлуп, эмгек мигранттары патенттин негизинде жумушка алынууда. (КЕ/LT)

XS
SM
MD
LG