Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

Крым татарлардын телеканалында тинтүү жүргүзүлүүдө


Симферополдогу крым татарларынын ATR телеканалына беткапчан жана куралчан белгисиз адамдар тинтүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Азаттыктын” Крым кызматынан кабарлашты. Белгисиз адамдар каналда акыркы жылы жарыяланган видеолор сакталган компьютердик серверди алууга аракет кылып жатканы айтылууда. Каналдын бир нече кызматкери имарат ичине кире албай калганын айтышты. Имарат ичинде Wi-Fi өчүрүлүп, тыш менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Учурда каналдын жанында тарапкерлер чогулуп жатат. Крым милициясы окуя боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Украинанын курамындагы Крымды өткөн жылдын март айында Орусия аннекциялап алган. Мындан соң крым татарларынын өкүлдөрү бир катар басымдарга кабылып жатканын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG