Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

Батыш Орусияга карата санкцияларды күчөтөт


Батыш өлкөлөрү Украинанын чыгышындагы акыркы абалдан улам Орусияга басымды күчөтүүдө. 25-январда Украинанын чыгышындагы Мариуполь шаарына ракеталык чабуул жасалган. Андан 30 адам набыт кетип, 90дон ашыгы жаракат алган. Украина бийлиги бул үчүн орусиячыл жикчилерди айыптап, Батыш өлкөлөрүн Орусияга басымды күчөтүүгө чакырган.

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдерге бар таасирин салып, ок атууну токтотуу боюнча Минск келишимин аткарышын талап кылууга чакырды.

Кремл АКШ жана Евробиримдиктин сынына жооп кайтарып, Батыштын экономикалык санциялар менен коркутуусу эч натыйжа бербей турганын билдирди.

Ага чейин АКШ президенти Барак Обама бул окуядан соң Кошмо Штаттар Орусияга карата санкцияларды катаалдантууга даяр экенин билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG