Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:28

НАТО Путиндин билдирүүсүн сынга алды


НАТОнун жетекчилиги орус президенти Владимир Путиндин украин армиясынын дарегине айткан сөзү “акыл сыйбайт” деп баалады. Бул туралуу Түндүк атлантикалык альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг Брюсселде журналисттерге сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, Путиндин украин армиясын “чет өлкөлүк легион” катары сыпатташы туура эмес.

Владимир Путин Санкт-Петербургда студенттер менен жолугушууда Украинанын армиясын армия катары атоого болбой турганын, ал ар кыл күчтөрдөн куралган НАТОнун "чет өлкөлүк легиону" деп айткан эле. Ошондой эле көпчүлүк украиналыктар өз армиясында кызмат өтөгүсү келбей, Орусияга өтүп жатканын билдирген Путин коңшу өлкө жарандарынын орус жергесинде жашоо мөөнөтүн узартарын кошумчалаган.

Мындан сырткары орус президенти Киев бийликтери өлкө чыгышында тынчтык орнотууга кызыкдар болбой жатканын да белгилеген.

XS
SM
MD
LG