Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:59

Анжелина Жоли Ирактагы качкындарга барды


Анжелина Жоли Ирактагы качкындар лагеринде.

Анжелина Жоли Ирактагы качкындар лагеринде.

Голливуддун таанымал актрисасы Анжелина Жоли Улуттар Уюмунун качкындар боюнча атайын чабарманы катары Ирактын түндүгүндөгү ирактык жана сириялык качкындардын лагерине барды. Жекшембиде Жоли лагерден көргөндөрү аны нес кылганын айтты. “Бул менин 2007-жылдан бери бешинчи жолку сапарым, бирок бүгүнкүдөй качкындардын кыйналганын эч качан көргөн эмесмин” - деди Жоли.

Белгилүү актриса эл аралык коомчулук “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун Сириядагы зордук-зомбулугунан жабыр тарткандарга тиешелүү жардам көрсөтпөй жатканын билдирди. Ал качкындар маселесине көңүл бурууга чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG