Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Насыячылар: милиция митинг өткөрүүгө уруксат бербей жатат


Бул тууралуу жабыркагандардын бири Чолпонкул Чыңгышев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Бишкек мэриясынын уруксатына карабай милиция насыячыларга Ак үй алдында митинг өткөрүүгө тоскоол болуп жатат. Бүгүн банктарга үйүн алдырып жиберген 20га жакын насыячылар өз мүлкүн кайтырып берүүнү суранып, Ай үй алдына чыгышкан. Алар президент Алмазбек Атамбаев жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, маселени чечип берүүнү өтүнүшүүдө. Талаптары аткарылбаса, ачкачылык жарыялашарын да эскертишүүдө.

Буга чейин дагы насыя алып, төлөй албаган жарандар Бишкектеги Горький паркында нааразылык акциясына чыгып, өзүн-өзү өрттөөгө аракет жасашкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG