Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Чехияга виза алчу кыргызстандыктар Швейцария элчилигине кайрыла алат


Чехияга баруу үчүн шенген визасын ачтырууну каалаган кыргызстандыктар Бишкектеги Швейцария элчилигине кайрыла алат.

Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Эреже 15-январдан тарта иштей баштайт. Швейцария элчилиги 90 күндүк виза гана бере алат, эгер улуттук виза талап кылынса, Чехиянын Астанадагы элчилигине кайрылуу керек. Бишкекте бул өлкөнүн өкүлчүлүгү жок.

Бүгүнкү күндө Швейцария элчилиги аркылуу Польша, Словения, Латвия жана Эстонияга да кыска мөөнөттүү шенген визасын алса болот.

Шенген визасы бул аймакка кирген 26 өлкөгө тоскоолдуксуз кирүү укугун берет. (KЕ)

XS
SM
MD
LG