Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:19

Кызылча менен ооругандардын саны 2 жарым миңден ашты


Ооругандардын көбү мектеп жашындагылар. Учурда 10 жаштан 19 жашка чейинки 864 бала кызылча жуктуруп алып дарыланды.

Бир жашка чейинки балдар арасынан ооругандардын жалпы саны 533. Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Азаттыкка” маалымдоосу боюнча, кызылчанын алдын алуу максатында өлкө боюнча 853 миӊ 588 баланын эмдөө баракчасы текшерилди, алардын ичинен ички миграция жана диний көз караштан улам убагында эмделбей калган балдардын саны 83 миӊ 185 экени аныкталды.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлдөрү менен биргеликте бул ооруну токтотуу жаатында оперативдүү иштер башталды деп билдирди аталган министрлик. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG