Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Бишкекте Кумтөр боюнча сүйлөшүү башталды


Кумтөр долбоору боюнча соңку сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн "Центерра" жетекчилиги Кыргызстанга келди. Сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Кыргызстандын чет элдеги юридикалык, каржылык жана экологиялык консультанттары да Бишкекке келген. “Кыргызалтындын” жетекчиси Токон Мамытов ушул тапта тараптар жолугушуп жатканын “Азаттыкка” билдирип, башка маалымат бере албасын айтты.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, тараптар ортосунда жаңы долбоор боюнча 20 талаш пикир жаралган. 11 суроо боюнча мунаса табылган. Дагы 9 пункт талкууланышы керек. Ортодо экологиялык маселелер боюнча пикир келишпестик бар.

Буга чейин юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” курган маегинде “Центерра голд” Кыргызстан тарапка экологиялык дооматтардан баш тартуу, коррупциялык схемалар боюнча кылмыш иштерди токтотуу талабын коюп жатканын билдирген.

“Центерра Голд" компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы соңку сүйлөшүү 19-декабрда болгон. Жогорку Кеңеш былтыр жыл башында Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырган. (КE)

XS
SM
MD
LG