Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Ошто дин кызматкерлери улут аралык тынчтыкты сактоого окушууда


Кара-Суу районунун Ак-Таш, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл өкмөттөрүнүн имамдары диний баалуулуктар аркылуу улут аралык тынчтыкты сактоо жана адам укуктарын коргоо багытында окуп жатышат. Бул тууралуу Ош облустук казыятынан кабарлашты.

Окууга жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун өкүлдөрү, имамдар, Аксакалдар соту жана аялдар кеңешинин өкүлдөрү катышууда.

Окуу БУУнун Калк фондусунун колдоосу менен "Мутакалим" аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда. Буга чейин ушундай эле окуу Ош шаарында өткөрүлгөн болчу.(YI)

XS
SM
MD
LG