Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:17

Кумтөрдөн уурдалган аппарат табылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынан былтыр жайында “Рефлекс” деп аталган жабдык уурдалган.

Баасы 7 млн. 850 миң сомго бааланган бул аппаратты уурдоого шектелип, Барскоон айылынын эки тургуну кармалды. Сурак учурунда алар күнөөсүн моюнуна алган.

Кармалгандарга кылмыш иши козголуп, бири райондук убактылуу кармоо жайына камалса, экинчиси үй камагына алынды. (КЕ/МК)

XS
SM
MD
LG