Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Ак-Талаа: секелек кызды зордуктап жүргөн адам кармалды


Ак-Талаа районунун Баетов айылында 1986-жылы туулган Ж.Б. аттуу жаран бир тууган байкесинин 8 жаштагы С.Б. аттуу кызын бир жылдан бери коркутуп, жыныстык катнашта болуп жүргөн.

Мындай маалыматты “Азаттыкка” Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Орозобек Молдосариев билдирди. Анын айтымында, кыздын ата-энеси ажырашып кеткен. Атасы кызын 1-топтогу майып инисиникине таштап, өзү Бишкекте иштеп жүргөн.

Учурда кылмышка шектүү кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Соңку учурда балдарга зомбулук жасаган, секелектерди зордуктаган учурлар көп катталууда. Мындан улам Оштогу “Кыргыз журтум” коомдук фондунун мүчөлөрү балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө өлүм жазасын киргизүүгө кол топтой баштаганын билдиришкен. Ушул күндөрү кыргыз өкмөтү ЮНИФЕМ менен биргеликте балдарга карата зомбулукка каршы маалыматтык кампаниясын баштады. (MiK/КЕ)

XS
SM
MD
LG