Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:53

Францияда согушкер делген төрт адам кармалды


Франциянын түштүгүндөгү Люнель шаарында полиция кызматкерлери тарабынан радикал исламчыларга байланышы бар делген төрт адам кармалды.

Укук коргоо органдары билдиргендей, кармалгандардын экөө жакында эле Сириядан келген.

Мурдараак жергиликтүү маалымат каражаттары Люнель шаарынан Сирияга жыйырмадай жаш жаран кеткенин, октябрдан бери алардын алтоо согуш талааларында набыт болгонун кабарлашкан.

Франция жана бир катар Европа өлкөлөрү январдын башында Париждеги террористик чабуулдардан соң радикал топторго каршы күрөштү күчөтүштү.

7-9 январда Франциянын баш калаасында үч террористик кол салуу болгон, анын ичинде “Шарли Эбдо” журналына жасалган чабуул да бар. Бул окуялардан жалпысынан 17 адам набыт кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG