Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Аба ырайы


Шашылыш эскертүү

28-30-январда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265-км), Бишкек-Талас (198-210-км, Өтмөк ашуусу), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90-км, 145-150-км), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-км), Каракол - Эңилчек (45-90-км), Казарман - Акталчат (67-94-км, Кара-Гөө ашуусу) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.

28-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -13...-18, күндүз -3...-8;

Таласта түнкүсүн -17...-22, күндүз -2...-7;

Ош, Жалал-Абадда -10...-15, күндүз -1...-6;

Баткен облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...-7

Ысык-Көлдө түнкүсүн -9...-14, күндүз -2...-7;

Нарында түнкүсүн -21...-26, күндүз -8...-13.

28-январда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн -15...-17 градус, күндүз -4....-6 градус болот.(КЕ)

XS
SM
MD
LG