Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Навальный орусиялыктарды “антикризистик жүрүшкө” чыгууга чакырды


Орус оппозициячыл саясатчысы Алексей Навальный
Орус оппозициячыл саясатчысы Алексей Навальный

Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный орусиялыктарды 1- мартта өтө турган “Жаз - анткризистик жүрүшү” деп аталган тынчтык манифестациясына чыгууга чакырды.

Навальныйдын айтымында, бул акцияны өткөрүүгө азыркы орус бийлигинин өлкөдөгү саясий жана экономикалык абалды жайгарууга алы келбей калганы себеп болду.

“Антикризистик жүрүштүн” негизги талаптары: оппозициялык партияларды жана талапкерлерди шайлоого өткөрүү, Украинага каршы согуштук аракеттерди токтотуу, маалымат каражаттарындагы цензураны жана пропаганданы тыюу, саясий куугунтук менен камалгандарды бошотуу, соттук реформаны өткөрүп, бийликти борбордоштуруу.

Акциянын социалдык-экономикалык талаптары болсо- армия жана полицияга кеткен чыгымдарды азайтуу, азык-түлүккө киргизилген контрсанкцияларды алып салуу.

Бул жүрүштү “Прогресс партиясы”, “РПР Парнас” уюму, “5-декабрь партиясы” жана “Тилектешик” кыймылы уюштурууда.

Жакынкы убактарда Навальный Москва мэриясына 100 миң адам катыша турган акция өткөрүү боюнча арыз менен кайрылаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG