Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Обама Сауд Арабияга барды


Президент Барак Обама жана Сауд Арабиянын жаңы падышасы Салман ибн Абдель Азиз Аль Сауд
Президент Барак Обама жана Сауд Арабиянын жаңы падышасы Салман ибн Абдель Азиз Аль Сауд

АКШ президенти Барак Обама өткөн аптада көз жумган падыша Абдаллага көз көрсөтүү үчүн Сауд Арабияга барды. Эр-Риядга баруу үчүн Обама өзүнүн Индиядагы сапарын кыскартты.

CNN каналына курган маегинде Обама Вашингтон Сауд Арабиядагы адам укуктарын коргоо ишмердүүлүгүн, падышачылык менен террорчулукка каршы күрөшүү жана коопсуздук тармагында кызматташуу боюнча аракеттерин бир баланска салуу керектигин айтты.

Обама Сауд Арабиянын жаңы падышасы Салман ибн Абдель Азиз Аль Сауд менен расмий жолугушуу өткөрөт, андан соң Сауд Арабиянын башка бийлик өкүлдөрү менен бирге кечки тамактанууга барат.

АКШынын мамлекеттик катчысы Жон Керри да Обамага Эр-Риядда кошулат.

Сауд Арабиянын мурдагы падышасы Абдалла 23 –январь түнү 91 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.

XS
SM
MD
LG