Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Триполиде чабуулдан тогуз адам набыт болду


Жанкечтилерди жардыруусу Триполидеги "Коринтия" мейманканасын жанында болду
Жанкечтилерди жардыруусу Триполидеги "Коринтия" мейманканасын жанында болду

Ар кандай маалыматтар боюнча Ливиянын борбору Триполидеги жанкечтилер тобунунун чабуулунан бери дегенде тогуз адам мерт кетти, дагы бешөө жарадар болду.

“Франс-пресс” маалымат агенттиги кабарлагандай, кол салууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз мойнуна алды. Экстремисттер бул чабуул “Ал-Каиданын” мүчөсү, ливиялык Абу Анас ал-Либинин өлүмү үчүн өч алуу экенин билдиришти.

Абу Анас ал-Либи 1998-жылкы Кения жана Танзаниядагы АКШ элчиликтеринин жанындагы жардырууга шектелип камалган. Ал окуяларда 200дөн ашык адам набыт болгон.

Ал-Либинин иши боюнча сот быйыл Нью-Йоркто башталмак, ал болсо 2-январда ооруканада сарык жана рак илдеттеринен көз жумду.

Өткөн жылдын жай айларында Триполиде эки исламчыл топтун ортосунда башталган кагылышуулардан улам бир катар өлкөлөр Ливиянын борборундагы өз элчиликтерин жабууга мажбур болушкан.

2014-жылы августта Триполи “Ливия шооласы” радикал тобунун карамагына өткөн. Топтун мүчөлөрү баш калаада өз кабинетин түзүп, расмий өкмөттү өлкө чыгышындагы Тобрук шаарына сүрүп салган.

XS
SM
MD
LG