Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:54

Пакистанда 76 согушкер жок кылынды


Пакистанда талиптердин чабуулдарды тез-тез кайталанып турат.

Пакистанда талиптердин чабуулдарды тез-тез кайталанып турат.

Өкмөт күчтөрүнүн 27-январда абадан урган соккусу Ооганстан чек арасындагы аймакта 76 согушкердин өмүрүн кыйды. Түндүк Вазиристандын Датта Хал облусундагы атайын операция учурунда эки ирет абадан чабуул жасалды.

Пакистан армиясы өткөн жылдын июнь айынан бери жүргүзүп жаткан операцияларда 1800дөй согушкер өлтүрүлгөнү айтылууда.

2014-жылдын 16-декабрында талиптер Пешавардагы мектепке бастырып кирип, жүздөн ашуун окуучунун өмүрүн кыйгандан соң аларга каршы күрөш күчөтүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG