Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:12

ЖК Төрөбековду жоопкерчиликке тартууга макулдук берүүнү карайт


Нурлан Төрөбеков.
Нурлан Төрөбеков.

Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында “Ар-намыс” фракциясынан депутат Нурлан Төрөбековдон кол тийбестик макамын алуу боюнча комиссиянын иши талкууланат. Анын жыйынтыгы менен депутатты жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү же бербөө чечими прокуратурага жиберилет. Өткөн жумадагы жыйында бул маселе толук каралбай калган.

Төрөбеков “жогорку билим алгандыгы тууралуу жасалма диплом колдонгон” деп айыпталууда. Ага 2014-жылдын октябрында кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иштин мыйзамдуулугун териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, прокуратуранын айыптоосу тастыкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG