Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

“Коопсуз шаар” боюнча тендерди кыргыз-орус компаниясы утту


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттары,жарандык коом өкүлдөрү, эксперттерден турган комиссия долбоор боюнча ат салышып жаткан беш компаниянын ичинен “Стилфост-Бишкекти” тандап алды. Тендер 27-январдын кечинде жыйынтыкталды.

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча тендер 2014-жылдын август айында жарыяланган. Долбоор Бишкек, Ош, Каракол шаарларынын көчөлөрүнө жана Бишкек-Каракол жолуна видео көзөмөл орнотуу аркылуу коопсуздукту камсыздоону көздөйт. Камералар борбордук аянттарга, сейил бактарга, ири базарларга жана соода жайларына да коюлат. Эки жылдан бери ишке ашпай келаткан долбоорго болжол менен 43 миллионго жакын доллар керек.

Тендерден утуп алган компаниянын артыкчылыктары тууралуу бүгүн ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов маалымат берет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG