Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Ошто “Хизб-ут Тахрирдин” аялдар канаты аныкталды


ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, Ош шаарында тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” диний уюмунун аялдар канаты аныкталды. Аталган уюмдун мүчөлөрү узак убактан бери кыз-келиндерди өз араларына кошууга азгырып, окууларды өткөрүп жүргөн. Ошондой эле өлкөнүн түндүк аймагындагы топ менен байланышта экени, атайын схеманын негизинде маалыматтарды таратып жүрүшкөнү белгилүү болду. Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, уюмдун активдүү делген алты мүчөсү кармалды. Алардын үйүн тинтүү маалында тыюу салынган уюмга тийиштүү адабияттар, баракчалар табылган. Учурда бул боюнча тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG