Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:48

Жогорку Кеңеш башкы прокурорлук кызматка Индира Жолдубаеванын талапкерлигин бир добуштан колдоду. Ага 106 депутат “макул” деп добуш берди. Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берген Жолдубаева бардык ишти мыйзам чегинде аткарарын белгиледи.

“Прокуратура тармагында тажрыйбаңыз жок болгон менен радикалдуу реформаларды күтөбүз. Тергөөнү билген орун басарлар бар. Депутаттык корпус өзгөрүүлөрдү күтөт”, - деди ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков.

Бүгүн Жогорку Кеңеш Индира Жолдубаеванын талапкерлигин карап, суроолорду беришти. Эл өкүлдөрүнө Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев талапкер тууралуу баяндама жасады.

Президенттик аппараттын сот реформалары жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Индира Жолдубаеванын талакерлигин Алмазбек Атамбаев көрсөткөн. Бул сунушту бардык фракциялар жана тиешелүү комитет колдогон. Мурдагы баш прокурор Аида Салянова өз каалоосунун негизинде 22-январда жумуштан алынган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG