Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Порошенко Москвадан Савченкону бошотууну талап кылды


Украина -- Надежда Савченкону бошотууну талап кылган акциядан. Киев, 26-январь, 2015

Украина -- Надежда Савченкону бошотууну талап кылган акциядан. Киев, 26-январь, 2015

Украинанын президенти Петро Порошенко орус лидери Владимир Путинге кат менен кайрылып, Минкс келишиминин шарттарын аткарууну жана камактагы учкуч Надежда Савченкону бошотууну талап кылды.

Учкуч Савченко өткөн жылдан бери Орусияда камакта. Аны орус тергөөчүлөрү "Луганскта орус журналисттерин өлтүргөн, кийин качкын катары Орусияга келип алган", - деп айыптоодо. Бирок учкуч жана Украин тарап муну четке кагып келүүдө.

Порошенко катында Орусияга карата Батыш киргизген санкцияларды эффективдүү деп атаган. Ошондой эле Орусия Минск келишимин аткарышы үчүн кошумча чараларды көрүү керектигин белгилеген.

Кремлдин маалымат кызматынан Порошенкодон кат келип түшкөнүн тастыкташты. Москва каттын мазмуну тууралуу эч нерсе айтпаганы менен аны Путиндин 15-январдагы кайрылуусуна жооп катары кабыл алганын билдирди. Анда Путин Украинанын чыгышындагы ок атууну токтотууга чакырган болчу. Бирок Евробиримдик акыркы учурда Донбасстагы орусиячыл жикчилдерге Кремл колдоону күчөттү делген маалымат бар экенин айтып, Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү маселесин көтөргөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG