Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Орусия: Жогорку Сот “Мемориалды” жабуу өтүнүчүн четке какты


Орусиянын Жогорку Соту бүгүнкү отурумунда "Мемориал" укук коргоо уюмун жабуу боюнча Юстиция министрлигинин арызын четке какты.

Орусиянын Юстиция министрлиги “Мемориалды” өткөн жылы октябрда сотко берген. Министрликтин жүйөсүндө, укук коргоо уюму бир катар мыйзамдарды бузуу менен аймактарды бир нече уюмду түзүп алган. Бирок “Мемориал” бул айыпты четке кагып, муну саясий буйрук катары баалаган. Ошол эле учурда прокуратура “Мемориалды” сырттан каржыланган чет элдик “агент” катары айыптап келет.

“Мемориал” – Орусия, Германия, Казакстан, Латвия, Украина, Армения жана Грузиядагы укук коргоо уюмдарынын башын бириктирген коом.

АКШнын адам укуктары боюнча өкмөттүк агенттиги Москва “Мемориалды” жабуу менен “өз абийиринин добушун басууга аракеттенүүдө” деп билдирген.

XS
SM
MD
LG