Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:11

АКШ Украинага 2 млрд. доллар насыяга кепилдик берет


Мындай келишимге Киевде бүгүн АКШ жана Украинанын финансы министрлери Жек Лью менен Наталья Яресько кол койду. Келишимге ылайык, Кошмо Штаттар Украинанын кыска мөөнөттүү социалдык чыгымдардын жабуу үчүн 2 миллиард доллар насыя алууга кепилдик бермекчи. Ай башында Евробиримдик украин экономикасын колдоо үчүн 2,1 миллиард долларга кепил болгон. Бул келишимдер Украинанын эл аралык каржы институттардан насыяларды алышына мүмкүнчүлүк ачат.

Келишимге кол койгон Жек Лью Кошмо Штаттар Орусияга карата санкцияларды күчөтүүгө даяр экенин билдирди.

Ага чейин АКШ президенти Барак Обама жана Германиянын канцлери Ангела Меркел Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөткөнү жана Минск келишимин аткарбаганы үчүн жоопкерчиликке чакыруу керектигин макулдашкан.

XS
SM
MD
LG