Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Аба ырайы


28-30-январда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265-км), Бишкек-Талас (198-210-км, Өтмөк ашуусу), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90-км, 145-150-км), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-км), Каракол - Эңилчек (45-90-км), Казарман - Акталчат (67-94-км, Кара-Гөө ашуусу) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.

29-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5;

Таласта түнкүсүн -16...-21, күндүз -1...-6;

Ош, Жалал-Абадда 7...-12, күндүз -4...+1;

Баткен облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5

Ысык-Көлдө түнкүсүн -8...-13, күндүз -1...-6;

Нарында түнкүсүн -23...-28, күндүз -10...-15.

Бишкекте 29-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -13....-15 градус, күндүз -1...-3 градус болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG